Ат-Башыда Куран жарышы өтүп, ар бир катышуучуга Куран белек кылынды

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында райондук деңгээлде Куран жарышы болуп өттү. Куран конкурсунда айыл имамдарынан Куран сабагын алып жүргөн балдар таймашты. Жарышка Нарын медресесинин мүдүрү Абдулахад Пирматов, Нарын шаарындагы «Аюб» мечитинин имамы Санжар Азимов жана Нарын мересесинин мугалимдери калыстык кылышты.

Куран конкурста алдыңкы орунду камсыздаган катышуучуларга баалуу белектер тапшырылса, активдүү катышып, бирок байгелүү орунга илешпей калган катышуучуларга кызыктыруучу белектер жана ар бирине Куран китеби белекке берилди.