Самидин кары Атабаев баштаган муфтият кызматкерлери Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 22-март күнү Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Жалал-Абад облустук казыятына иш сапары менен барып, ажылыктын жүрүшүн, ажылыкка жооптуу адистердин ишмердүүлүгүн жеринде текшерди.

Муну менен катар Азирети Муфтийдин биринчи орун басары облустагы баш имам-хатибдерден алынган отчёттун жыйынтыгы боюнча маалымат берип, эл менен тыгыз байланышта болууну тапшырды.

Ал эми КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов баш имам-хатибдердин функционалдык милдеттери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон кызматташтыкты жакшыртуу керектигин айтып, дайыма Муфтият, казыят менен тыгыз байланышта иш алып баруу керектигин эскертти.