Кара-Кулжа районунда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылындагы «Зайнабидин уулу Нургазы» атындагы мечитте жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү. Жарышты аталган мечиттин имамы Субан Казматов демилгелеп, 100 миң сомдон ашуун акчалай каражат жыйнап, балдарга белектерди алган. Жарышка катышкан балдар аталган мечитте төрт айдан берип Куран үйрөнүп, жаттап жүрүшкөн. 

Эң мыкты деп бааланган алдыңкы үч орунду ээлегендерге смартфон белек кылынып, калган катышуучуларга грамоталар жана китептер тапшырылды.

Куран жарышка Кара-Кулжа районунун баш имам-хатибинин орун басары, борбордук «Азирети Билал» мечитинин имамы Абдулхаким Аскаров катышып, Куран жаттаган жаштарга ийгиликтерди каалады.