Ош шаарындагы жума окулган мечиттерге суу муздатуучу диспенсерлер берилди

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты БДЖАнын (Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы) колдоосу менен шаардагы жума окулган мечиттерге сууну салкындатып берүүчү диспенсерлерди тапшырды.

Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов БДЖАнын президенти доктор Мухаммад Мади мырзага ыраазычылык билдирүү менен бул саамалыктын Рамазан айынын башында болуп жаткандыгын белгилеп, бул каражат мечитке келген ар бир инсандын чаңкоосун кандырарын айтты.

Демөөрчүлүк кылган кайрымдуу адамдарга сооптору жетип турарын белгилеген калаа мусулмандарынын казысы жалпы шаар тургундарын жаңырган Рамазан айы менен куттуктап өттү.