АЗИРЕТИ МУФТИЙ ЗАМИР КАРЫ РАКИЕВДИН РАМАЗАН АЙЫНА КАРАТА КУТТУКТООСУ

Мээримдүү жана ырайымдуу Жараткан Алла Тааланын ысымы менен баштаймын!

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу ак калпак кыргыз эли! Сиздерди бүгүнкү жаңырган Рамазан-и шариф айыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жалпы момунга маалым болгондой, Ыйык Курани Карим Рамазан айында түшө баштаган. Бул куттуу ай – Куран айы. Миң түндөн артык болгон Кадыр түн да ушул берекелүү Рамазан түндөрүндө катылган. А Кадыр түн образдуу айтканда Курандын «туулган күнү». Андай болсо бул айда көбүрөөк Куран окуйлу. Окуп гана тим болбой, терең түшүнүүгө аракет кылалы. Курани Карим Алла Тааланын бизге ыроологон зор белеги, улуу аманаты. Куран айында Куранга жакын бололу.

Орозо исламдын беш парзынын бири. Алла Таала Рамазан айы жана орозо жөнүндө мындай дейт: «Рамазан айы – адамдарга туура жолду көрсөтүүчү жана ушул туура жолдун, жакшы менен жаманды ажырата билүүнүн ачык-айкын далилдери катары Куран түшүрүлгөн ай. Кимиңер ушул айга күбө болсоңор, (ошонуңар), орозо кармасын! Силердин ким (бул айда) ооруп калып, же сапарга чыкса, кармабай калган орозолорун башка күндөрдө кармасын! Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алланы даңктагыла! Мүмкүн шүгүр келтирерсиңер» (Бакара сүрөсү, 185).

Орозо напсини тарбиялаган руханий мектеп. Ал дүйнө-мүлк ниматынын кадырын сездирет. Тунук жана муздак суунун баркын билгизет. Эң негизгиси, ач кадырын жон тери менен сездирет. Орозодо кылынган ибадаттар алда канча сооптуу. Алла Таала орозону Өзү үчүн тандап алган жана орозо кармоочуларды ченемсиз сыйлыктары менен сыйлайт. Хадистерде мындай деп айтылат: «Орозолуу адамда эки чоң сүйүнүч бар. Бири-ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси Алла менен жолугуп, Анын жамалын көргөн учуру» (Муслим 2/807). «Орозо Акыретте орозо кармоочунун таламын талашып: «Оо, Алла! Мен муну тамактануудан жана каалоолорунан кайтардым эле. Ошондуктан мага шапаат кылууга уруксат бер», – дейт (аль-Мунзири, ат-Таргиб, 2/84).

Демек, Рамазан айы береке жааган, кут төгүлгөн ай. Ушул айга сак-саламат жеткирген Алла Таалага миң мертебе шүгүр айталы. Орозого жетпей калган жакындарыбызга Жараткандан ыракым тилейли.

Ыйык Куран айы болгон Рамазандын шарапаты менен дүйнөдө тынчтык болсун. Ала-Тоого кут консун. Жергебизге береке, элибизге ынтымак, динибизге риваж, мамлекетибизге өнүгүү берсин.

Куттуу Рамазан айыңыздар маарек, орозоңуздар кабыл болсун!