Самидин кары Атабаев болочок ажылардын кемселин тигүүчү «Шан стил» фирмасын зыярат кылды

2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев, КМДБнын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келишип, болочок ажыларга тигилип жаткан кемселдин (жилет) даярдыктары жана жумуштун жүрүшүнөн кабар алышты. Штаб төрагасы «Шан стил» фирмасынын жетекчисине кемселдерди сапаттуу тигип, өз учурунда бүткөрүү керектигин эскертти.