Тоң районунда мектеп окуучуларын адептүүлүккө багыттаган иш-чара болуп өттү

Тоң районунун баш имам-хатиби Таалай ажы Акунов Тоң РИИБи, райондук прокуратура, райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте «Алтымышбаев», «Бөкөнбаев», «Шамий уулу Токтобай» жана №80 кесиптик лицейинин окуучулары менен жолукту. Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөн иш-чарага ата-энелер да катышты.  

«Бул иш-чаранын максаты билим алып жаткан окуучуларга, экстремизм, терроризм боюнча эскертүү, «Ислам тынчтыктын дини», «наркоманиянын зыяндуулугу», «суицид», ата-энени, улууларды жана мугалимдерди сыйлоо туурасында кеңири баян кылып, окуучуларды адептүүлүккө чакыруу», – дейт Таалай ажы өз сөзүндө.   

Таалай ажы бул иш-чара жылдык иш-планда каралып, район боюнча бардык мектептерди кыдырып, эртеңки келечек болгон өспүрүмдөргө туура багыт берүү экенин кошумчалады.