Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинде ысырапкорчулукту жоюу туурасында отурум болуп өттү

Тоң районунун Кажы-Сай айылында ысырапкорчулукту жоюу боюнча райондук хатибияттын демилгеси менен отурум болуп, ага айыл өкмөтү, аксакалдар кеңеши жана он башылар катышты.  

“Учурда коомчулукта көйгөй жаратып жаткан аш-тойлордогу жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту жоюу боюнча биргеликте иш алып баруу боюнча талкуу кылдык. Биздин бүгүнкү отурумдун максаты ысырапка бөгөт коюу болду”, – дейт Таалайбек ажы.

Отурумдун жүрүшүндө көп пикирлер ортого салынып, Таалайбек ажы тарабынан мындан ары да биргеликте аракеттене берүү зарылдыгы айтылды.