Базар-Коргон имамдарына жыйын уюштурулуп, орозону натыйжалуу өткөрүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, 23-март күнү, Базар-Коргон райондук хатибиятында Рамазан айынын алгачкы күнүндө имамдарга чогулуш болуп өттү. Жыйында райондун баш имам-хатиби Абдулазиз кары Закиров имамдарды кирип келген Рамазан айы менен куттуктап, аларга бардык жакшылыктарды каалап өттү.

Муну менен катар баш имам-хатиб имамдарга Рамазан айынын пазилеттерин айтып, Муфтияттан келген зекет, үшүр, орозо фитир боюнча фатваларды түшүндүрүп, муфтияттан келген буйруктарды өз убагында аткарууну эскертти.  

Мындан сырткары, жыйындын алкагында Рамазан айын ийгиликтүү өткөрүү, кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруу, имамдардын аманат болгон имамдык кызматтарында аманчыл иш алып баруу жана эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди документтерин толук бүтүрүп каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.