Ноокат районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 5 миң сомдук азык-түлүк таратылды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Иш-чара аталган айыл өкмөттөгү “Хадия” фонду тарабынан демилгеленген.

Саамалыкка Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев катышып төмөнкүлөргө токтолу:

“Орозонун алгачкы күндөрүндө жакшы иш-чара уюштурулду. Буйруса мындан ары да көптөгөн ушул сыяктуу жардамдарды уюштурабыз. Кайрымдуулук  иш-чарасын уюштурган, демилгелегендерге ыраазычылык билдиребиз”.

Белгилей кетсек, таратылган ар бир баштыктын ичинде күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азыктар салынган, анын жалпы суммасы 5000 сомду түзөт.