Ысык-Көл облусу боюнча ишембилик өткөрүлдү

КР Президентинин улуттук тазалык күнү жөнүндөгү жарлыгына жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планына, ошондой эле Рамазан айына карата ишембилик өткөрүү боюнча Азирети Муфтийдин буйругуна ылайык облус боюнча массалык түрдө ишембилик өткөрүлдү.

“Тазалык – ыймандын бир бутагы” демекчи, мечиттерибиз, диний мекемелерибиз ар дайым таза болуп, айланасы көрктөнүп турса  жалпыбызга жагымдуу болот”, – дейт облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Бак-дарак чөйрөнүн кооздугу экенин айткан Алмазбек ажы Сагындыков алма, өрүк, кайың көчөттөрү мечиттин бакчасына, айланасына отургузуу иштери алдыда уланарын билдирди.