Музаффар ажы Турдубаев райондогу азанчыларга жыйын өтүп, баалуу белектерди тапшырды

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев райондун Ноокат шаары, Мирмахмудов жана Гулистан айыл өкмөттөрүндөгү мечиттердин азанчыларына жыйын өтүп, азанды өз убагында айтуу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле райондун баш имам-хатиби намаз убактылары боюнча сабак өтүп, азанчылардын жумушу жоопкерчиликтүү экенине токтолду.

“Пайгамбарыбыздын (с.а.в) бир канча хадистеринде азан айтуу сооптуу амал экендиги айтылган. Бул иш сооптуу болгону менен жоопкерчилиги андан да жогору. Айрыкча Рамазан айы келгенде бул жоопкерчилик дагы да күчөйт. Урматтуу муаззин-азанчылар, азанды көрсөтүлгөн убактан кеч калтырбай өз убагында айтыңыздар. Анткени карапайым эл азанга карап ооз бекитип, ооз ачышат. Бираз кайдыгерлик менен канчалаган адамдардын орозосунун бузулуусуна себепчи болуп калбайлы”, – деди Музаффар ажы Турдубаев.

Жыйындын соңунда азанчыларга зарыл болгон буюмдар салынган баштыкчалар таратылды.