Сулумбек ажы Узеналиев диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча өткөн тегерек столго катышты

Кечээ, 23-мартта Таластагы «Кербен» мейманканасында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Дин таануу изилдөөлөр борборунун жана «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык уюмунун техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы тууралуу», «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктарын аткаруу алкагында Талас облусундагы дин өкүлдөрү жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдо КР ДИМКнын өкүлү Алтанбек Эркимбаев тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, светтик принциптер жана дин тутуу эркиндиктери боюнча жергиликтүү бийликтин, диний уюмдардын өкүлдөрүнө маалыматтар берилди. Ошондой эле радикалдык жана экстремисттик идеологиялардын жайылышынын алдын алуу жана диний кырдаалдын туруктуулугун сактоо, конфессиялар аралык өз ара аракеттенүүнү жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоонун зарылдыгы баса белгиленди.

Аталган иш-чарага Талас облусунун бийлик өкүлдөрү жана Талас облусунун мусулмандар казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган дин кызматкерлери катышты.