Абдулазиз ажы Абдурахманов мектеп окуучуларына ата-эне жана мугалимди сыйлоо боюнча лекция окуду

Ош шаарындагы Ю. Гагарин атындагы №17 гимназия мектебинде«Мугалимдин кадыр-баркы» жана «Ата-эне эң жогорку сыйга татыктуу» аттуу иш-чара болуп өттү. Ош шаардык жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулган иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын Чыгыш Ак-Буура хатибиятынын баш имам-хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов катышып, окуучуларга лекция окуду. 9-класстын окуучулары менен өткөн жолугушуу жандуу өтүп, суроо-жооптор менен коштолду.

Баш имам-хатиб мугалимдердин кадыр-баркы, билим алган жайды урматтоо боюнча кенен токтолуп, ата-эненин ордун эч нерсе толуктай албастыгын, алар урмат-сыйга гана татыктуу экенин белгиледи.