Ош шаарында аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө «Рамазан баштыкчасы» таратылды

Ош шаардык мусулмандардын казыяты БДЖАнын (Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы) колдоосу менен калаадагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө «Рамазан баштыкчасы» аттуу азык-түлүк баштыктарын таратты. Шаардагы «Сиражидин» мечитинде өткөн кайрымдуулук иш-чарасына Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадяр кары Курбанбеков катышты. Ал БДЖАнын жетекчилигине жана кайрымдуу инсандарга ыраазычылык билдирип:

«Алла Таалам берген ихсандарыңыздарды кабыл кылып, эки дүйнөлүк бакыт тартууласын. Куран жана хадистерде берешен инсандардын бейиштеги орду жөнүндө көп айтылган. Токчулук да, жокчулук да кудай тааланын сыноолорунан. Бул нерсе адамдардын арасында айланып турат. Жараткан орозо айыбызда мол береке берип, эки дүйнө  бактылуу кылсын», – деди өз сөзүндө.