Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Диний окуу жайлардагы билим берүү сапатын жакшыртышыбыз керек

Бүгүн, 10-ноябрда «Биринчи кадам» медресесинде өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн  «Диний билим берүүнүн коомдогу орду» аталышында окуу семинары башталды. Семинардын ачылыш салтанатына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев,  «Бүткүл дүйнөлүк Куран жана Сүннөт» уюмунун өкүлү  доктор  Ахмад Сайфуддин Туркистаний, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов жана окуу бөлүмдүн кызматкерлери катышууда.

Семинар алкагында Азирети Муфтий диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө билим берүү сапатын жогорулатуу, бирдиктүү окуу программасынын негизинде иштөө, студенттердин окуусун жакшыртуу жана алардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу боюнча пикирин билдирип, окуу үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү   керектигин баса белгиледи.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармасы диний окуу жайлардын шарттарын жана материалдык, техникалык абалдарын жакшыртууда бардык аракеттерди көрүүдө. Биз окуучулардын билим  берүү сапатына көңүл буруп, алардын окууга болгон кызыгууларын жогорулатышыбыз керек»,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Муну менен катар Азирети Муфтий диний окуу жайлардын окуучулары арасында Куран жарышын жана хадистердин сынагын уюштуруу керектигин айтып, бул сынактардын алдыңкыларын бүткүл дүйнөлүк жарыштарга чыгаруу керектигин кошумчалады.