Баткен казыяты Баткен телеканалынын эки кызматкерине ардак грамота тапшырды

Баткен облусунун мусулмандар казыяты Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын жогорку категориядагы техниги Адылбек  Орозалиевди жана телеканалдын башкы редактору Асылкан Махамат кызын казыяттын ардак грамотасы менен сыйлады.

Сыйлык 7-ноябрь Кыргыз Ресупликасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата  Баткен облусунун казысынын орун басары жана казыяттын маалымат катчысы тапшырып, казыяттын атынан жалпы кызматкерлерди куттуктады.

Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы бир канча жылдан бери облус аймагында коомчулуктун ынтымагын бекемдөөдө Ислам баалулуктарын чагылдырып,  «Жума баян» жана «Ислам маданияты» көрсөтүүлөрүн эфирге алып чыгып келет,-деди казыяттын басма сөз катчысы Фуркат ажы Авлиёев.