Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби “Ардактуу инсан” наамы менен сыйланды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы  Кожониязов Кыргыз Республикасынын “Ардактуу инсандары” коомдук бирикмеси тарабынан “Ардактуу инсан”  наамы жана ордени менен сыйланды. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын буйругунун негизинде  Кызыл-Кыя шаарынын өсүп-өнүгүсүнө кошкон салымы үчүн “Кызыл-Кыя шаары 120-жыл” төш белгиси менен сыйланды.