Кадамжайдын Халмион айылында коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында атайын чечим кабыл алынды

Коомдо орун алып жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик, дин жана укук  коргоо кызматкерлери, мугалимдер ошондой эле аксакалдар менен жаштардын катышуусунда жыйын өттү. Жыйын алкагында  кылмыштуулукту болтурбоо, өз жанын кыю жана сприттик ичимдиктердин  кесепеттерин алдын алуу, ошондой эле  орчундуу маселелер каралып, сунуш-пикирлер айтылды. Ал эми иш чаранын соңунда бардык мекеме-ишканалар жыйында каралган көйгөйлөр боюнча биргеликте иш алып барып, коомчулук арасында, мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ата-энелер менен иштөө боюнча чечимдерди кабыл алышты.