Самидин кары Атабаев баштаган КМДБ делегациясы Ошко иш сапары менен барды

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган КМДБ делегациясы Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында шаардык жана облустук казыяттын, хатибияттардын жана 2023-жылдагы ажылыкка каттоочу куратор, операторлордун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Делегация Ош шаар жана Ош облусунун аймагындагы райондордун баш имам-хатибдери менен да жолугушуп, 2022-жылда аткарган иштери боюнча отчётторунун жыйынтыгын угузуп, мыкты иш алып барган баш имам-хатибдерди сыйлады. Отчёттун корутундусунун алкагында Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жана Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров КМДБнын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Баш имам-хатибдер менен болгон жыйында КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов баш имам-хатибдердин функционалдык милдеттерин эскертип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташтыкты күчөтүү жана Муфтият менен тыгыз байланышта болуу тапшырмасын берди.

Муфтийдин биринчи орун басары иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун борбордук «Исмаил Ата» мечитинде жума кутбасын өтүп, алгач кирип келген орозо айы менен жамаатты куттуктап, «Рамазан айынын пазилети» аттуу темада баян жасап, улуу айда кечиримдүү, сабырдуу жана ынтымакта болууга чакырды. Жума баянынын соңунда Самидин кары Кара-Суу районунун баш имам-хатибинин Муфтият жана казыяттын буйрук-тапшырмаларын аткарууда, диний объектилерди каттоо жана хатибият иш-чараларын коомго чагылдырууда өзгөчөлөнгөнүн баса белгиледи.

Ал эми райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров Самидин кары Атабаевге ыраазычылык билдирүү менен Кара-Суу шаары жана районунун тургундарын Рамазан айы менен куттуктап, орозонун артчыкчылыктарына токтолду. Сөзүнүн соңунда мечитти абад кылган жамаатка, мечитте кызмат кылган инсандарга, ошондой эле диний объектини жаркыратып курган инсандарга ыракмат айтып, аларга Жараткандан ийгилик, береке жана мол жакшылык тиледи.