“Умму Мухаммад” медресесинин студенттери карыялар үйүн тазалап, короосуна гүл отургузушту

Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” медресесинин студенттери Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү” жөнүндө жарлыгынын 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планына” жана Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №83 буйругуна ылайык ишембилик өткөрүштү. Медресе студенттери окуу жайдын айланасын, Туран муницпиалдык аймагындагы суу каналдын айланасын, ошондой эле “Боорукер” карыялар үйүн тазалап, сырдап жана гүл аянтчаларына гүлдөрдү отургузушту.