Самидин кары Атабаев “Апиза Эне” институтунун студенттерине «Акыйданын маанилүүлүгү» аттуу темада лекция окуду

Кечээ, 24-март күнү Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев иш сапары менен Ош облусуна келип, Кара-Суу районундагы «Апиза эне» институтунун ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттер менен жолугушту. Окуу жайдын ректору Абдирашит ажы Батыров студенттерге Самидин кары Атабаевди тааныштырып, диний окуу жай боюнча маалымат берди.

Жолугушуунун алкагында Самидин кары Атабаев институтта окуп жаткан студенттерге «Акыйда илиминин маанилүүлүгү», «Матуридиликтин зарылдыгы» аттуу темаларда лекция окуп, акыйда илимин терең үйрөнүп, анда бекем болууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда Абдирашит ажы Батыров атайын убакыт бөлүп келгендиги үчүн Самидин кары Атабаевге ыраазычылык билдирип, окуу жайга дагы келип туруусун суранды.