Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Кемин районунун тургундары менен жолугушту

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Кемин районуна иш сапары менен барып, аймактагы имамдар менен жолугушту. Дин кызматкерлери менен болгон жолугушууда облус казысы диний кырдаал, жаштардын ыйманы, адеп-ахлагы, өз өмүрүнө кол салууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен райондордо хатибияттардын имараттарын түптөө  жаатында пикир алышты.

Андан соң облус казысы Кемин районунун тургундары менен жолугушуп, ыйык Рамазан айы, кайрымдуулук, берешендик, боорукерлик, зулумдук кылбоо боюнча баяндама жасады.

«Аймактагы имамдар менен тыгыз кызматташып, алардын ишмердүүлүктөрү менен жеринде таанышып жатам. Көйгөйлөрдү угуп, эл менен иштөөнү күчөтүү аракети көрүлүүдө. Элибиз ыймандуу болсо, кылмыштуулук, зордук-зомбулук токтойт»,-деди облус казысы.