Кызыл-Адыр айылында аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө 3200 сомдук Рамазан баштыгы таратылды

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө Рамазан баштыктары таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасы Кызыл-Адыр айылынын «Ансар» мечитинин имамы Марлис Төлөгөновдун демилгеси, айылдагы 1990-жылкы жигиттердин колдоосу менен ишке ашкан.

«Жаратканым насип кылып Рамазан баштыкчаларын өз ээлерине таратып бердик. Айылыбыздын жаштары менен бирге берекелүү Рамазан айында дагы бир топ иш-чараларды пландап жатабыз. Алла Таала «жакшылык иштерде бири-бириңерге жардамчы болгула» дейт эмеспи. Элдин атынан демөөрчүлүк кылган бардык боордошторубузга терең ыраазычылык билдирем», – деп билдирди Кызыл-Адыр айылынын «Ансар» мечитинин имамы Марлис Төлөгөнөв.

Белгилей кетсек, баштыкчага күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктөр салынып, бир пакеттин баасы 3200 сомду түздү.