«Кыргызстандын муфтийи күнүнө 150 миң сомдон кантип тапса болорун айтып берди» деген видео ФЕЙК!

Соңку күндөрү интернет желесинде «Муфтий Кыргызстана рассказал как зарабатывать от 150 000 сом в день» аттуу фейк видео пайда болду.

Кудайдан коркпогон кара ниеттүү адамдардын ыйык орозо айында фитна (фейк-маалымат) таратканы таң калычтуу. Жарандарыбыз жалган маалыматка алданып, дезинформациянын курмандыгы болуп калбасын деген тилекте атайын ушул билдирүү таратууну туура көрдүк.

АЛЛА ТААЛА ЫЙЫК КУРАНДА:

«Эй, ыйман келтиргендер! Эгерде бир фасык силерге кабар алып келсе, анын чын-бышыгын тактагыла. Болбосо билбестен кайсы бир коомго зыян келтирип, кийин кылганыңарга өкүнүп каласыңар», – деп билдирген (Хужурат 49/6).

Андыктан ар кандай маалыматтарга эле ишене бербей, интернет мейкиндигиндеги маалыматтарга акыл калчап, сын көз караш менен карап, медиасабаттуу болууга чакырабыз!

Ал эми карасанатайлык менен жалган маалымат тараткан жаран, Кудайдан коркуңуз!  Азыркы технология өнүккөн шартта фейк аккаунтту бат эле табууга болот. Кудай алдында да, мыйзам алдында да жооп бермек бар.