ОРОЗО

Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла Тааланын аты менен баштаймын

Орозо – исламдагы беш түркүктүн бири болуп эсептелет. Орозо кармоо мусулмандарга хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн куттуу жана берекелүү ай болуу менен бирге, бардык мусулмандар бул куттуу айда орозо кармашат. “Орозо” деген сөздүн лексикалык мааниси “кандайдыр бир нерседен кармануу, бир нерседен тыйылуу, сактануу” деген маанилерди билдирет. Ал эми орозонун шарияттагы мааниси “балагатка жеткен адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана нике менен алган аялы менен жыныстык байланыштан сактануусу”. Рамазан айында орозону тутуу – бойго жеткен, акыл-эси толук, бир жерде отурукташкан ар бир мусулман адамга парз болот. Жаш балдар, оорулуулар, мусапырлар орозо кармашпайт. Бирок мусапыр адамдардын орозо кармаганы абзел. Ошондой эле этек кири келген же төрөт канын көрүп жаткан аялдар каны токтогуча орозо кармашпайт. Рамазан бүткөн соң карыз күндөрүн кармап беришет. Орозо мусулманга дайыма Алла Тааланы эскертип, пенде жоопкерчилигин ойготот. Орозону Алла Таала адам баласы өзүнүн ички дүйнөсүн тазалоо, жакшы кулк-мүнөз менен сыпаттануу, башкалар менен жакшы мамиледе болуу жана такыба болуу үчүн парз кылган. Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат. Дайыма Алла Таала көрүп билип турат деген сезимде жүрөт.

Ислам аалымдары орозонун үч даражасын айтышат:

Биринчи даражасы: Жалпы элдин орозосу: (صَوْمُ الْعَوَامِ)

Соорлуктан ооз ачарга чейин тамактануудан, жеп-ичүүдөн жана жыныстык каалоолордон сактануу менен кармалган орозо. Орозонун толук шарттары аткарылат. Бирок ушактан, гыйбаттан, алдоодон, башкаларга зыян бергенин таштабайт. Орозонун шарттары так аткарылганы үчүн бул орозо дурус деп эсептелинет.

Экинчи даражасы: Өзгөчөлөрдүн орозосу: (صَوْمُ الخَوَاصِّ)

Соорлуктан тартып ооз ачарга чейин тамактануудан, жеп-ичүүдөн жана жыныстык каалоолордон сактануу менен бирге кулак, көз, тил, колу-бут жана башка органдарды күнөөдөн алыстатуу менен кармалган орозо. Бардык мүчөлөр орозо кармайт. Адеп-ахлактын, кулк-мүнөздүн оңолуусуна таасир тийгизген орозо болуп саналат.

Үчүнчү даражасы: Өзгөчөлөрдүн өзгөчөлөрүнүн орозосу:(صَوْمُ خَوَاصِّ الخَوَاص)

Жүрөгүндө Алла Тааланан башкага орун бербеген, ичи тардык, текеберлик, көрө албастык, гыйбат, ушак, сараңдык жана башка жаман кулк-мүнөздөн арылткан жана жүрөктө бирөөгө кымынчалык да жек көрүү болбогон орозо. Орозонун эң жетишкен жогорку даражасы ушул. Ошол эле убакытта бул орозо, пайгамбарлардын жана олуя адамдардын кармаган орозосу деп эсептелинет.

Алла Таала ыйык Куранда орозо тууралуу мындай дейт:

قال الله تعالي: » يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُون أَيَّامًا مَّعْدُودَاتٍ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ  وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ  فَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَهُوَ خَيْرٌ لَّهُ ۚ وَأَن تَصُومُوا خَيْرٌ لَّكُمْ ۖ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ  شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِّنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ  وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ  يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ «. (البقرة(183 -185)

Алла Таала айтат: “Оо, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга парз кылынгандай эле, такыба болууңар үчүн силерге да орозо кармоо парз кылынды. (Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө толуктап берет. Орозо тута албай турган адамдар жакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кылса – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн эң жакшы.

Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун! Ал эми (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла Таала силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алла Тааланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирерсиңер” (Бакара: 183-185).

Орозо кармоонун пазилеттери

عن أبي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ يَقُولُ، قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ اللَّهُ: » كُلُّ عَمَلِ ابْنِ آدَمَ لَهُ إِلَّا الصِّيَامَ فَإِنَّهُ لِي وَأَنَا أَجْزِي بِهِ وَالصِّيَامُ جُنَّةٌ وَإِذَا كَانَ يَوْمُ صَوْمِ أَحَدِكُمْ فَلَا يَرْفُثْ وَلَا يَصْخَبْ فَإِنْ سَابَّهُ أَحَدٌ أَوْ قَاتَلَهُ فَلْيَقُلْ إِنِّي امْرُؤٌ صَائِمٌ وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ لَخُلُوفُ فَمِ الصَّائِمِ أَطْيَبُ عِنْدَ اللَّهِ مِنْ رِيحِ الْمِسْكِ لِلصَّائِمِ فَرْحَتَانِ يَفْرَحُهُمَا إِذَا أَفْطَرَ فَرِحَ وَإِذَا لَقِيَ رَبَّهُ فَرِحَ بِصَوْمِهِ «.  متفق عليه

Абу Хурайра (Андан Алла ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салават саламдары болсун) мындай айтканын кабарлайт:

 “Кудуреттүү Алла Таала айтты: «Адам баласынын ар бир кылган иш-аракети өзү үчүн, бирок орозосу гана Мен үчүн жана ал үчүн соопторду Мен беремин. Орозо – бул калкан. Эгерде араңардан ким орозо кармаса, анда ал сөгүнбөсүн жана кыйкырбасын, аны бирөө сөксө же урушса, «Мен орозомун» деп айтсын. Мухаммаддын жаны Анын Колунда болгон Затка касам ичип айтамын:  орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт – Алла Таала үчүн мисктин жытынан да жагымдуу. Орозо кармаган адамга эки сүйүнүч бар – оозун ачкан кезде сүйүнөт жана Раббисине жолукканда (туткан орозосунун соопторун алганда) сүйүнөт” ( (Бухари,  Саум 9; Муслим, Сиям:163).

Хадистен алынуучу пайдалар:

  • Орозо кармаган адамга Алла Тааланын чексиз соопторду берүүсү;
  • Алла Тааланын орозо кармаган адамды бейишке киргизүүсү;
  • Орозо кармоо менен такыба болуу.

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرٍو رضي الله عنهما أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: » الصِّيَامُ وَالْقُرْآنُ يَشْفَعَانِ لِلْعَبْدِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، يَقُولُ الصِّيَامُ: أَيْ رَبِّ مَنَعْتُهُ الطَّعَامَ وَالشَّهَوَاتِ بِالنَّهَارِ فَشَفِّعْنِي فِيهِ. وَيَقُولُ الْقُرْآنُ: مَنَعْتُهُ النَّوْمَ بِاللَّيْلِ فَشَفِّعْنِي فِيهِ. قَالَ: فَيُشَفَّعَانِ«.وروى الإمام أحمد 6589(

Абдуллах ибн Амрдан (Андан Алла Таала ыраазы болсун) келген хадисте Пайгамбарыбыз, ага Алланын салаватсаламдары болсун, мындай деп айткан:

Кыямат күнү орозо менен Куран адам баласы үчүн шапаат кылышат. Орозо айтат: “Оо, Раббим! Мен аны күндүзү кумарынан (шахватынан) жана тамагынан тыйдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер”. Куран айтат: “Мен аны түнү уйкусунан калтырдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер. Алла Таала экөөнө тең шапаат кылууга уруксат берет (Муснад Ахмад: 6589).

Хадистен алынуучу пайдалар:

  • Орозонун жана Курандын кыяматта шапаатчы болуусу;
  • Колдон келишинче Куранды көп окуу жана орозо кармоо;
  • Ибадаттарга бекем болуу.

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: » مَنْ صَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ.وَمَنْ قَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ. وَمَنْ قَامَ لَيْلَةَ الْقَدْرِ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ «. (متفق عليه)

Абу Хурайра, андан Алла ыраазы болсун, пайгамбарыбыздын, ага Алланын салават саламдары болсун, мындай  дегенин айтты: «Кимдеким Рамазан айында чын дилинен ишенип жана сообун Алла Тааладан гана үмүт кылып орозо кармаса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Кимдеким Рамазан айында чын дилинен ишенип, соопту бир Алла Тааладан гана үмүт кылып түнкү (таравих, тахажжуд) намаздарын үзбөй окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Кимдеким Рамазан айында чын дилинен ишенип, соопту бир Алла Тааладан гана күтүп кадыр түнү бою таравих, тахажжуд) намаздарын үзбөй окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет” (Бухари, Саум 6; Муслим, Сиям 203).

Хадистен алынуучу пайдалар:

  • Намазды, орозону ыклас менен аткаруу;
  • Ибадат кылууда эч кандай шек-күмөн болбоосу керек;
  • Кадыр түндүн артыкчылыгы.

وعن سهلِ بنِ سعدٍ عن النَّبِيِّ صَلَّي اللَّه عَلَيه وَ سَلَّمَ قَالَ: » إِنَّ فِي الجَنَّة بَابًا يُقَالُ لَهُ: الرَّيَّانُ، يدْخُلُ مِنْهُ الصَّائمونَ يومَ القِيامةِ، لاَ يدخلُ مِنْه أَحدٌ غَيرهُم، يقالُ: أَينَ الصَّائمُونَ؟ فَيقومونَ لاَ يدخلُ مِنهُ أَحَدٌ غَيْرُهُمْ، فإِذا دَخَلوا أُغلِقَ فَلَم يدخلْ مِنْهُ أَحَد «متفقٌ عَلَيْه.

Сахл ибн Саад (Андан Алла Таала ыраазы болсун) Пайгамбардын (Ага Алла Тааланын салауат жана саламдары болсун) мындай дегенин айтты:

Чындыгында бейиштеРаййаандеп аталган бир эшик бар. Кыямат күнү ал эшиктен орозо кармагандар гана киришет жана алардан башка эч ким кирбейт. Орозо кармагандар кайда деп суралганда алар ордуларынан турушат жана ал эшиктен алардан башка эч ким кирбейт. Алар киргенден кийин ал эшик жабылат, андан кийин алардан башка эч ким кирбейт” (Бухари, Муслим).

Хадистен алынуучу пайдалар:

  • Орозо ибадатынын өзгөчөлүгү;
  • Орозо кармоочулар үчүн атайын Раййаан эшиги даярдалуусу;
  • Рамазан айынан башка күндөрү да орозо кармоо.

وعَنْ أَبي سَعيدٍ الخُدْريِّ قال: قالَ رسولُ اللَّهِ صَلَّي اللَّه عَلَيه وَ سَلَّمَ: » مَا مِنْ عبْدٍ يصُومُ يَومًا في سبِيلِ اللَّه إِلاَّ باعَدَ اللَّه بِذلك اليَومِ وجهَهُ عَن النَّارِ سبعينَ خرِيفًا «. (متفقٌ عليه)

Абу Саид ал-Худри (Андан Алла Таала ыраазы болсун) кабарлайт: Алла Тааланын элчисинин (Ага Алла Тааланын салауат жана саламдары болсун) минтип айтты: Кайсы бир пенде Алла Тааланын жолунда бир күн орозо кармаса, Алла Таала ошол күнү үчүн анын жүзүн жетимиш жыл тозоктон алыстатат” (Бухари, Жихад 36; Муслим, Сиям 167).

Хадистен алынуучу пайдалар:

  • Орозо кармоонун артыкчылыгы;
  • Жакшы амалдын адамды тозоктон алыстатуусу;
  • Ибадатка бекем болуу.

Орозо:

Орозо – Куран айы;

Орозо – тасбих айы;

Орозо – Алла Тааланы эстөө айы;

Орозо – таравих айы;

Орозо – мээримдүүлүк айы;

Орозо – кечиримдүүлүк айы;

Орозо – сабырдуулук айы;

Орозо – ден-соолуктун айы;

Орозо – бир туугандыктын айы;

Орозо – жакшылык кылуу айы;

Орозо – адеп-ахлагыбызды жакшыртуучу ай;

Орозо – кайрымдуулук айы;

Орозо – көп-көп ибадат кыла турган ай;

Орозо – ырайымдуулук жана жардамдашуу сезимдерин ойготот;

Орозо – адамга берилген сыйлардын баркын үйрөтүүчү ай;

Даярдаган: Жоробай ажы Шергазиев