Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: «Курандан кымбат белек жок»

Бүгүн, 27-март күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечитте Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары өлкөдөгү карыларды кабыл алып, аларды сыйлады.

«Сиздер куттуу Рамазан айында таравихтерде жер-жерлерде хатм кылып, элибизге эбегейсиз кызмат кылып жатасыздар. Сиздерди атайын чакырып, Рамазан айыңыздар менен куттуктап, Кыргызстан мусулмандарынын атынан ыраазычылык билдирели деп чечтик. Сиздерге атын атагысы келбеген жакшы инсандардын аманатын жана ошондой эле Куран түшкөн айда Куран китебин белек кылгыбыз келди. Негизи Курандан ашып түшөр кымбат белек жок. Урматтуу карылар, михрабдарда биз үчүн, эли-журтубуз үчүн, мамлекетибиз үчүн тынымсыз дуба кылышыңыздарды суранам», – деп билдирди Азирети Муфтий.   

Азирети Муфтий өз сөзүндө Кыргызстанда Ыйык Куранды жаттагандар өтө көп экенин, алардын арасынан эң мыктылары гана чакырылганын кошумчалады.