Майлуу-Суу шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Рамазан баштыгы таратылды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Абсатар ажы Эркинбековдун демилгеси менен шаардын муктаж катмарына жардам берилди. Майлуу-Суу шаардык хатибияты тарабынан таратылган жардамдардын жалпы наркы 20 000 сомду түздү.

Хатибияттан айтышканы боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы, томат, кумшекер, күрүч, макарон, курма, гречка, вафли, печенье ж.б. азык-түлүк салынган 20 баштык менен бирге эле 1000 сомдон акчалай жардам берилди.

Белгилей кетсек, аталган кайрымдуулук иш-чарасы Азирети Муфтийдин №80 буйругун жүзөгө ашыруу максатында уюштурулду.