Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы таравих намаздарына өтүүдө

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов менен биргеликте шаар аймагындагы бир канча жума мечиттерге таравих намазына барып, жамааттарды кирип келген Рамазан айы менен куттуктап, таравих намаздарына катышууда. Облус казысы таравих намазын Ханафилик мазхабына ылайык, 8 эмес 20 рекет окууларын жана таравих намазга келгендер намаз учурунда эшикте топурап турбашы керектигин эскертип, түнкү ибадаттын артыкчылыктарын айтып берди.

Ал эми шаардын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов калаадагы бардык мечиттерди кыдырып, жамааттар менен жолугушуу мерчемделгенин билдирди.