Баткен облусу боюнча 106 мечитте Куран хатм кылынып жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын 22-мартынан тарта Баткен облусундагы 106 мечитте таравих намазында Куран хатм окулуп жатат. Куран хатм Кадыр түнгө чейин окулуп, жыйынтыкталат.

Облус казысынын Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасына ылайык, Рамазан айына карата даярдыктар элге ыңгайлуу болусуу талап кылынган.

«Орозо кармоо – эртеден кечке ач курсак менен жүрүү менен чектелбейт. Мусулман адам колун, тилин жана көзүн жаман нерселерден сактоосу абзел. Рамазан айында жүрүм-турумдарды оңдоп, туугандар менен мамилени бекемдөө, араздашкандарды элдештирүү жана билип-билбей кылган күнөөлөр үчүн тообо келтирип, ибадаттарды мыкты аткара турган убакыт. Ошондой эле кечкисин таравих намаздарында Куран хатмылар менен өткөрүү сооптуу амалдардан. Рамазанда эл мечиттерге агылат. Биз мечитке келген элибиз үчүн ыңгайлуу шарт түзүүбүз керек», – деди Нуридин ажы Мамасабиров.