МУЖИЗА

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен

Мужизанын сөздүк мааниси «чарасыз калтырган, күчсүз кылган, жооп кайтарууга мүмкүндүк бербеген керемет окуя», ал эми терминдик мааниси – пайгамбарлардын пайгамбар экендиктерин далилдөө жана четке каккандарды чарасыз калтыруу максатында Алланын кудирети менен көрсөтүшкөн адаттан тышкаркы укмуш окуялары болуп саналат.[1] Башкача айтканда, мужиза пайгамбардын колунда пайгамбарлыгын далилдөө үчүн Алла тарабынан табият закондоруна сыйбаган таң каларлык окуя болуп, башкалары ага окшошту жасай албайт.[2]

 Ыйык Куранда бул тууралуу мындай деп баяндалат:

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلاً مِّن قَبْلِكَ وَجَعَلْنَا لَهُمْ أَزْوَاجًا وَذُرِّيَّةً وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَن يَأْتِيَ بِآيَةٍ إِلاَّ بِإِذْنِ اللّهِ لِكُلِّ أَجَلٍ كِتَابٌ

«Сенден мурун да пайгамбарларды жөнөткөнбүз жана аларга жубайлар менен урпактарды бергенбиз. Алланын уруксатысыз эч бир пайгамбар аят келтире албайт. Ар бир учур үчүн өзүнүн Китеби болгон».

(Раад сүрөсү, 38)

Мужиза адам колунан келе бербеген нерсе. Мужизаны кылууга адам пендеси гана эмес, жин-шайтан жана периштенин да дарамети жетпейт. Чын-чынында Алла Тааланын адамзатка пайгамбар жөнөтүшү өтө зор мээримдүүлүк жана нээмат. Алла Таала элчилеринин пайгамбар экенин далилдөө үчүн мужиза берип турган (а мужиза адатка каршы окуя дедик). Негизинен алып караганда, жашап жатканыбыз, өмүр сүргөнүбүз бир мужиза. Бирок бул баалуу мужизалар уланып жаткандыктан, анын баа-баркына бара албайбыз жана адат сыяктуу кабыл алынып калган.

Мужиза пайгамбардын акыйкат экенин далилдейт. Адамдар пайгамбарларды жалганга чыгарып, далил сураганда Алла Тааланын (пайгамбар колунда) жаратуусу менен ишке ашат. Кээ бир философтор мужизаны пайгамбарлар өздөрү жасайт деп ишенген. Башкача айтканда, адам күчү менен жасалат имиш. Пайгамбарлар өздөрүнүн тууралыгын мужиза аркылуу далилдейт. Алардын оюнда мужиза пайгамбарлыктын далили эмес.

Бирок ахли сүннөт аалымдары мужизанын ээси (фаали-и мухтар) Алла Таала деп айтышкан. Мужиза – Алланын адатынын, сүннөтүнүн, т.а. табият закондорунун пайгамбар колунда убактылуу бузулушу, кайталангыс өтө таң калычтуу окуя. Мужиза пайгамбарлардын инсаний сыпаты, күчү, дарамети менен байланышы жок. Ал – пайгамбарлыктын (нубувват) далили.

Демек, ахли сүннөттүн акыйда-калам аалымдарынын көз карашында мужиза пайгамбарлыктын далили. Б.а. мужиза пайгамбардын тууралыгын тастыктайт. Пайгамбарды четке каккандар ал аткарган таң калычтуу нерсени кайталай албайт. Кайталай алышы мүмкүн дагы эмес.

Мужизанын түрлөрү

Мужизаларды негизинен 2 топко бөлүп карайбыз.

1) акылдык (аклий). Муну маанавий-моралдык мужиза десе да болот;

2) сезимдик (хиссий). Муну маддий-материалдык мужиза десе да болот.

О.э. хидаят жана халак мужизасы деп үчүнчү топту кошууга да мүмкүн.

Аклий мужизалар

Акылдык мужизалардын эң белгилүү өрнөгү Куран-и Карим. Б.а. Куран акыл менен аңдалат, түшүнүлөт. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) аклий мужизаларынын алты түрүн сөз кылалы.

Биринчиси: Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жашоосу (сияр) алаканга салгандай таптак жана даана. Пайгамбар (с.а.в) илим, маданият жетишпеген цивилизациядан алыс чөлдө төрөлүп-өскөнүнө карабай, ал алып келген динди азыркы өнүккөн илим-билим жана технология жокко чыгара албады. Албайт дагы.

Экинчиси: Мурда-кийин илим албаган, окуу-жазууну билбеген Азирети пайгамбар (с.а.в) 40 жашына келгенде пайгамбарлыгын жарыя кылуу менен, ааламда аналогу жок китепти – Куранды адамзатка сунушташы аң-таң каларлык нерсе. Ал 40 жашына чейин пайгамбарлык жана кудай жөнүндө эч кандай маалыматка ээ болбогон. Бирок 40 жашынан кийин ал сунган маалыматтар мен-мен деген аалымдарды жана философторду таңдандырган.

Үчүнчүсү: Пайгамбар (с.а.в) кадыр-барктуу үй-бүлөнүн, күчтүү уруунун өкүлү болгонуна карабай, кордук коштолгон эң оор машакат жолду тандаганы маалым. Ага «ушул ишиңди таштап башчыбыз бол, ченемиз мал-мүлк берели, эң сулуу кыздарыбызды үйлөндүрөлү» дешкенде да көнгөн эмес. Жалпыга маалым болгондой, «оң колума Айды, сол колума Күндү карматсаңар да акыйкат жолдон тайбайм» деп андан бетер басым-кысымга жана кордукка кабылган. Демек, ар кандай сунуштан да кымбат нерсе – акыйкат болгон. Ал ошол жолду кыйынчылыкка кайыл боло тандап алган. Оорчулукка сабыр, барчылыкка шүгүр кылган. Кийин Медина мамлекетинин башчысы болгондо да өзүн падышадай, король, хандардай алып жүргөн эмес. Бул нерсенин бардыгы – анын пайгамбарлыгына гана далаалат кылат.

Төртүнчүсү: Анын дубалары заматта кабыл болгон. Бул да пайгамбарлыгына акылдык далил. Мисалы, Ибн Аббаска (р.а.) дуба кылгандан кийин заматта аалым болуп калганын айтсак болот.

Бешинчиси: Азирети пайгамбар Алланын уруксаты менен өтмүштөн жана келечектен кабар берген. Алардын баары 100 пайыз дал келген. Мисалы, Аммар бин Йасирдин шейит болушу, Стамбулдун каратылышы ж.б.

Алтынчысы: Ыйык китептерде акыркы пайгамбардын келе турганы баяндалган эле. Мисалы, Тоорат, Забур жана Инжилде анын аты жана сыпаттары баяндалган. Аталган китептер өзгөртүлгөнүнө карабай, соңку элчинин Ахмад (Параклит) болору, ал да Ахмад (с.а.в.) экени ачык музижа.

Пайгамбарыбыздын акылдык, манавий мужизалары көп. Биз айрымдарын гана эсептеп өттүк. Эң негизгиси окуу-жазууну билбей туруп, кемчиликсиз динди адамзатка сунганы тунук акылды аң-таң калтырат.

Хиссий мужизалар

Хиссий мужизалар көз менен көрүлүп, сезүү органдары менен сезилгендиктен «маддий мужизалар» деп да аталат. Бул түрдөгү мужизалардын айрымдары адамдарга пайдасы жок, бирок пайгамбардын акыйкат экенине далаалат кылат. Мисалы, Аз. Мусанын аса таягы. Айрымдары болсо пайгамбардын өзүнө да, адамдарга да пайдасы тиет. Ошол эле учурда Алланын элчиси экендигин да бышыктайт. Азирети Мухаммеддин жашоосунда кеңири орун алган маддий-материалдык мужизаларды өз алдынча үч топко бөлүп карасак болот.

Биринчиси: Аз. Пайгамбардын затына байланыштуу. Маселен, пайгамбарлык нурунун Аз. Адамдан Аз. Мухаммадга жетип келиши, пайгамбарлык мөөрү, пайгамбарыбыздын көркөм жана идеалдуу дене түзүлүшү ж.б.

Экинчиси: Аз. Пайгамбардын сыпаттарына байланыштуу. Табиятынан адеп-ахлагынын кооздугу, салмактуу сүйлөшү, мээримдүү болушу, чыдамкайлыгы ж.б.

Үчүнчүсү: Аз. Пайгамбардын зат жана сыпаттарынын сыртындагыларга байланыштуу. Маселен, Айдын экиге бөлүнүшү, Худайбия жана Табук согушунда манжаларынан суу агышы, Исра жана Миъраж мужизасы, аз тамактын көбөйүшү, ар кандай нерселердин салам бериши, курма дөңгөчүнүн ыйлашы ж.б.

Хидаят жана халак мужизасы дегенде Аз. Мухаммедге чейинки пайгамбарлардын мужизалары камтылат. Ар бир пайгамбар Алланын уруксаты жана колдоосу менен мужиза көрсөткөн. Булар боюнча ачык-айкын баяндаган ишенимдүү булак – Куран болуп саналат. Эч бир өзгөрүүгө, бурмалоого, бузууга учурабаган Курандагы баяндалган пайгамбарлар мужизасы акыйкат болуп саналат (аларга ыйман келтирүү кажет). Мисалы, Салих пайгамбардын төөсү, Аз. Ыйсанын өлүүлөрдү тирилтүүсү. Ошондой эле башка пайгамбарлардын өз коомун акыйкатка чакырганына (таблиг) кулак салбай, кыйроого учурашы жөнүндөгү мужизалар да эске алынууда. Ыйык Куран нагыз акыйкат китеп болгондуктан, анда баяндалган мужизалар маддий, маанавий, аклий-хиссий мужиза болуп эсептелет.

Мындан сырткары Алла Тааланын өз элчилерине берген жардамдары да бар. Буларды жардам мужизасы дейбиз. Мисалы, Бадр жана Ухуд согушундагы жардамдар.

Куран мужизасы

Ыйык Куран эң улук мужиза. Ал бүтүндөй мужизалык талаптарга жооп берет. Адамдар жана жиндер кыяматка чейин Курандай китеп жаза алышпайт. Демек, Куран кыяматка чейин мужиза бойдон кала берет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ар бир пайгамбарга өзүнүн доорунда жашаган адамдар гана ишене ала турган мужизалар берилген. Мага берилген мужиза болсо Алла Тааланын вахийлери (аяттары), – деген.[3]

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُواْ بِعَشْرِ سُوَرٍ مِّثْلِهِ مُفْتَرَيَاتٍ وَادْعُواْ مَنِ اسْتَطَعْتُم مِّن دُونِ اللّهِ إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ

(Алар:) “Аны  өзү ойлоп тапты”, – деп айтышты. Аларга: “Эгер айтканыңар чын болсо, Алладан башка каалаганыңарга (буддарыңарга) кайрылып, ойдон чыгарып болсо да ушул сыяктуу же ушуга окшош он сүрө түшүрүп көргүлөчү”, – деп айт”

(Худ сүрөсү, 13).

Курандын мужизалыгын 2 тараптан алып карасак болот.

Биринчиси: Куран маани жана мазмуну боюнча кереметтиги (иижаз).

Экинчиси: лафз жана услуб жагынан кереметүүлүгү (иъжазы).

Куран маани жана мазмуну боюнча кереметтиги (иижаз) дегенде, ишеним негиздери, ибадаттар, укуктар, жазалар, адеп-ахлак, бейиш жана тозок, табият жана тарых ачык-айкын жана ырааттуу баяндалган. 

أَفَلاَ يَتَدَبَّرُونَ الْقُرْآنَ وَلَوْ كَانَ مِنْ عِندِ غَيْرِ اللّهِ لَوَجَدُواْ فِيهِ اخْتِلاَفًا كَثِيرًا

«Алар Куран[4] жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карама-каршылыктарды табышар эле»

(Ниса сүрөсү, 82).

Ыйык Курандагы ар бир аят негиздүү. Анда эч кандай бүдөмүктүк, карама-каршылык жана түшүнбөстүк жок. Эгерде түшүнбөстүк болуп жатса, анда көйгөй түшүнбөгөн адамда. Курандагы айрым аяттардын жана окуялардын кайталанып берилиши да анын мужизалыгына жана теңдешсиздигине далаалат кылат. Ошондой эле Куранда илимий акыйкаттарга каршы келген аят же өкүмдөр таптакыр жок. А илим Куран акыйкаттарын ачыктайт.[5]

Лафз жана услуб жагынан кереметүүлүгү (иъжазы) боюнча айта турган болсок, Куран лафз-сөз жана услуб-методика жагынан да теңдешкис мужиза. Курандагы ар бир сөз чексиз даанышмандык жана кеменгерлик менен сыдыргыга салгандай жайгашкан. Аяттагы кайсы бир сөздү алып, ордуна башкасын коюп көрүүгө мүмкүн эмес (эгерде коюп көрсө да таптакыр окшошпой калат). Курандагы окуялар кыска-нуска. Куран услубу араб тилиндеги услубдардын эч бирине окшобойт. Анын услубу ырга окшой түшөт, бирок ыр эмес. Муун өлчөмдөрү (вазн) жана уйкаштыктары (кафия) бар сыяктуу болсо да, түпкүрүндө андай эмес. Окуганга оңой, жаттаганга жеңил. Кулакка угумдуу, көкүрөккө жугумдуу. Укканда кандайдыр илахий обон (мусико) жаңыргансыйт, бирок обон-музыка да эмес, симфония эмес, нота да эмес! Мына ушундай укмуштуудай өзгөчөлүгү, көркөмдүгү, кайталанбастыгы менен чын эле кудай тааланын сөзү экени көрүнүп турат көрө билген адамга.

Арабдарда сөз маданияты абдан өнүккөн доордо Ыйык Куран баарын басып түшкөнү маалым. Сөз баккан кеменгерлер, акындар, чечендер, билгелер аң-таң калган. Мына ушундай мужизалуу керемет китеп алып келген пайгамбарга баш ийиштин ордуна, тилекке каршы, аны менен согушушкан. Сөз маданияты өнүккөн арабдар кара жанын тиштеп, өлүмдү көзгө алып согушуу жолун тандап алган. Бирок согушуунун ордуна Куранга окшогон китеп жаза коюшса оңой болот беле! Албетте, жаза алышкан эмес. Арабдар эле эмес, кыяматка дейре эч ким Куранга окшош китеп жаза албайт. Анткени ал Алланын сөзү. 1500 жылдан бери ислам душмандары ар кандай жолго баш уруп келет, бирок андай ыйык китеп жазуу колдорунан келбеди, келбейт дагы. Анын кереметтүүлүгүнө баш коюп, акыйкат жолго келиштин ордуна кастыгын күчөтүп, өрттөп, жыртып, сууга агызышты. Куранды жок кылуу аракети далай жасалды. Бирок, Ыйык Куран (момундар себептүү) кыяматка чейин сакталат. Анткени Алла Таала аны өз кепилдигине алган.

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

«Чынында Куранды Биз түшүрдүк. Эми аны өзүбүз сактайбыз»

(Хижр, 9).

Даярдаган: Самидин кары Атабаев,

Азирети Муфтийдин орун басары


[1] Калбердиев, «Калам: Ахли сүннөт теологиясы», 121-б.

[2] Тафтазани, Шархул-Макоосид, 2-т., 175-76.

[3] Бухари, Иътисам, 1

[4] Курандын маани-маңызы тууралуу

[5] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, -б.б.