Баткен облусунда Рамазанга карата кайрымдуулук айлыгы жүрүүдө

Баткен облусунун аймагында 2023-жылдын 23-мартынан 23-апрелине чейин КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругу менен Рамазан айында облус аймагында «Кайрымдуулук айлыгы» жарыяланды. Анын алкагында облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен муктаж жарандарга кол сунуп, аларга жылуу мамиле жасап, жашоосуна үмүт берүү максатында кайрымдуулук иштерди аткаруу мерчемделди.

«Динибизде айтылгандай, муктаж адамга бирди берсең, сага он эсе кайтып келет. Куттуу Рамазан айында мындай иштердин аткарылуусу башка убактарга салыштырмалуу дагы да сооптуу, берекелүү болот. Ошондуктан баарыңыздарды бул айды кайрымдуу иштер менен өткөрүүгө чакырбыз«, – дейт казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиёев

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругунунун негизинде облус аймагында кайрымдуулук иштери аткарылып келүүдө.