Ноокатта эскилиги жеткен мечит жаңыланды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүндө «Абу Хурайра» мечитинин эскилиги жетип калгандыктан, анын ордуна бардык заманбап шарттар менен камсыздалган мечит жаңыланып курулуп, ачылышы болуп өттү. Мечит курулушун айыл тургуну Абдназир Молдобеков демилгелеп, курулушка чоң салым кошкон.

Кечээ, 29-мартта аталган мечиттин ачылышы болуп, ага Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев катышып, улут аралык ынтымак жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча сөз сүйлөө менен төмөнкүлөргө токтолду:

«Улут, уруу аралык ынтымак – бул ислам дининин өзгөчөлүгү. Куран-и Каримде Кудай Таала: «Биз силерди бир эркек (Адам ата) жана бир аялдан (Обо энеден) жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып билүүңөр үчүн элдер жана уруулар кылып койдук. Кудай астында эң урматтууңар такыбадаарыңар» – деп айткан. Эч качан бир улут экинчи улуттан урматтуу, сыйлуу жана мартабалуу эмес. Баарыбыз Кудайдын астында бирдей кулбуз. Жараткандан коркуп, анын буйруктарын аткарып, күнөөлөрдөн жүз бурган киши гана урматка татыктуу».