Баткен шаарында имамдын демилгеси менен муктаждарга жардам көрсөтүлдү

Баткен облусунун Баткен шаарындагы Чет-Булак кварталынын “Али Аль-Ганим” мечитинин имамы Айбек Сейдактамовдун демилгеси менен 5 муктаж үй-бүлөгө Рамазан баштыктары таратылды.

Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын буйругу, Баткен облусунун казынын тапшырмасына ылайык, Баткен облусунда жүрүп жаткан «Кайрымдуулук айлыгына» карата уюштурулуп, ал ишке мечит жамаатынан Бекболот Нажимидинов жардамын көрсөткөн.

Муктаждарга  күнүмдүк турмуш-тиричилигине керектүү буюм-тайымдар, тамак-аш азыктары сатылып алынып, 5 үй-бүлөгө таратылып берилген.

«Ислам дининде алган колго караганда берген кол артык» деп айтылат. Ошондуктан аталган сөзгө амал кылуу максатында айыл жаштарынын демилгеси менен муктаждарга жардам берүү аракети ишке ашырылды” – дейт мечит  имамы Айбек Сейдактамов.