Кара-Сууда «Рамазанда жардам» аттуу иш-чара өткөрүлүп, аз камсыз болгон 80 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 30-март күнү Ош облустук казыятынын демилгеси менен куттуу орозо айында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Иш-чара Кара-Суу районуна караштуу «Ажымат Ажы» жума мечитинде болуп, ага облус казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, казыят кызматкерлери, мечит кызматкерлери жана жергиликтү тургундар катышты.

Жардам түйүнчөктөрү Кызыл-Кыштак айылындагы муктаж катмардагы 80 үй-бүлөгө берилип, үйлөрүнө жеткирилди. Алибек ажы Жусупов облустук казыяттын, мечиттин кызматкерлерине жана уюштуруучу жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирип дуба кылды.

“Ким бул дүйнө жашоосунда мусулман боордошунун муктаждыгын орундатса, Кыямат күнү Алла Таала ал кишинин муктаждыгын жоёт” деп хадистерде баяндалат. Улуу, берекелүү жана сообу эселенип берилүүчү Рамазан айында кылынган кайрымдуулуктун сыйлыгын Алладан башка эч ким билбейт. Жараткан кылган жакшылыгыбызга убада кылган соопторду насип кылсын. Демилгелеген жана уюштурган дин кызматкерлерине, жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдиребиз”, – деди Алибек ажы Жусупов.

Белгилей кетсек, аталган кайрымдуулук иш-чарасына жалпысынан 160 миң сом жумшалган.