Чоң-Алайда Рамазан айына карата аз камсыз болгон 700 үй-бүлөгө жардам тапшырылды

Бүгүн, 30-март күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунда аз камсыз болгон, бейтап, жардамга муктаж 700 үй-бүлөгө кайрымдуулук баштыкчалары таркатылды. Кайрымдуулук иш-чарасын Чоң-Алай райондук  хатибияты уюштурса, “Бириккен Араб Эмираты” кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган. Аталган иш-чарага райондун акими Темирболот Абыкеев, райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов, аталган фонддун өкүлү жана дин кызматкерлери катышты.

“Рамазан – анда жасалган бир жакшылык ишке ондон жети жүз эсеге чейин сообу көбөйтүлүп берилген берекелүү ай. Улуу ырайым айында бири-бирибизди кечиришели, бул береке айында бири-бирибизге жардам берели, кайрымдуулуктарды жасайлы. Анткени берген кол алган колдон артык. Рамазандын ар бир күнүн канимет билип, берешендигибизден жазбайлы”, – деди Алимбек ажы Маматаминов.