Дастан ажы Мамаев: “Динди жамынып, туура эмес жолдорго азгырып жүргөндөр бар”

Бүгүн, 30-март күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Сары-Булак айылындагы “Касымалы Жантөшов” атындагы орто мектептин окуучулары менен жолугуп, “Ислам – тынчтыктын дини”, “Экстремизм жана терроризм туура эмес жол” аттуу темада баяндама жасады. Ага жалпы мектептин мугалимдери жана окуучулары катышты.

“Азыркы күндө динди жамынып, туура эмес жолдорго азгырып жүргөндөр жок эмес. Алардын максаты элдин биримдигин, тынчтыгын жок кылып, өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашыруу. Биз бул нерселерден узак болушубуз керек. Бүгүнкү күндө жаштардын көбү уюлдук телефон кармап, маалыматтын көбүн ошондон алышат. Ошондуктан жаштардын жогоруда айтылган туура эмес агымдарга кошулуп кеткендери байкалууда. Ушул сыяктуу бөтөнчө агымдарга чакырган маалыматтар келсе, аны бөлүшпөгүлө. Андай маалыматтар келген болсо бизге кайрылгыла, биз силерге туура маалымат беребиз”,  – деди Дастан ажы Мамаев.