Өрнөктө өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өтүп, ага 70 бала катышты

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын мечитинде Куран жарышы өткөрүлүп, анда 70 бала күч сынашты. Куран жарышта алдыга суурулуп чыккандарга акчалай сыйлык жана ар бир катышуучуга Куран китеби белек кылынды.

«Муфтийдин тапшырмасына ылайык жер-жерлерде Куран жарыштарын өткөрүп жатабыз. Ушул Өрнөк айлында өткөн Куран конкурста 14 миң сом байге таратылды. Ошондой эле 18 миң сомго 50 даана Куран алып, өспүрүмдөргө берип, аларга кубаныч тартууладык», – деп билдирди Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев.

Баш имам-хатибдин айтымында, жыйынтык төмөнкүдөй чыгарылган.

2 пара Куран боюнча:

1) Эсенканов Ибрахим – 3000 сом

2) Эсенканов Имран – 2000 сом

1 пара Куран боюнча:

1) Эсенканов Ахмад – 2000 сом

2) Кайтбеков Ислам – 1000 сом

Жарым пара Куран боюнча:

1) Асипбеков Сабит – 1000 сом

2) Мырзабеков Муслим – 500 сом

3) Айбеков Илим – 500 сом

4) Мырзабеков Расул – 500 сом

10 сүрө боюнча:

1) Асипбеков Баяман – 500 с

2) Кайтбеков Ибрахим – 500с

3) Мукарапов Мустафа – 500с

4) Асибеков Алманбет – 500с

5) Мукарапов Хабибилло – 500с