«Аль-Бир» региноналдык коомдук кайрымдуулук фонду аз камcыз болгон 50 үй-бүлөгө Рамазан баштыгын таратты

«Аль-Бир» региноналдык коомдук кайрымдуулук фонду КМДБ менен биргеликте борбор калаадагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө Рамазан баштыктарын таратты. Саамалыкта ун, кумшекер, макарон, гречка, өсүмдүк майы, курмадан турган азык-түлүк түйүнчүктөрү муктаж адамдарга берилди. Азирети Муфтий Замир кары Ракиев «Аль-Бир» региноналдык коомдук кайрымдуулук фондуна ыраазычылык айтып, берекелүү Рамазан айында кайрымдуулук кылуу өтө сооптуу амал экенин билдирди.

«Бул ай кайрымдуулук кыла турган ай. Кылынган жакшы амалдарга эселеп сооп жазылат. Ошондуктан ар бирибиз колубуздан келишинче жакшылык жасоого аракет кылалы. Момун пенде бул дүйнөдө Алланын үмүтүнөн эч убакта үмүт үзбөй жашашы керек. Алла Таала бизге кандай тагдыр ыраа көрсө, аны жакшылыгыбыз үчүн берет. Анткени Ал жаңылышпайт, ката кетирбейт. Бүгүн бир аз муктаж болуп тургандардын эртең эле уул-кыздары чоңоёт. Алла Таалам мындагы жалпыбызды кайрымдуулук кыла турган деңгээлге жеткирсин».

Ал эми КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов кайрымдуулук баштыгы дарегине жеткенин, башкача айтканда атайын тизме менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өз колуна тапшырылганын белгиледи.