Сайдамир ажы Жейналиев Ноокаттагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушту

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ноокат районуна иш сапары менен барып, «Ахмад Яссавий» мечитинде Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Жолугушууда экстремизм, терроризимдин алдын алуу, эл ынтымагы, Куран окуунун, жаттоонун пазилеттери жана КР Президентинин №54 Жарлыгын аткаруу алкагында ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча баяндама жасады.

«Кудай Таала Куранда: «Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла!» деп айткан. Ысырапкерчиликтин кайсы гана түрү болбосун, ал арам болуп эсептелет. Арам ишти аткарган кишинин акыреттеги бара турган жери бир гана тозок. Аны менен катар акыркы учурда дин жамынган экстремизм, терроризм, радикализм жана фанатизм баш көтөрүп, элдин биримдигин, тынчтыгын бузууну көздөп келет. Ошондуктан салттуу эмес багытттардан оолак болуп, салттуу динди бекем кармайлы», – деп билдирди облус казысы өз лекциясында.