Ош облустук казыяты жолоочуларга ооз ачар баштыкчаларын таратты

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиевдин демилгеси менен «Ош» автобекетинде сапарга аттанган жүргүнчүлөргө ооз ачуу үчүн керектүү азыктар салынган баштыкчалар таратылды. Акцияга облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казыят кызматкерлери жана «Ажымат Ажы» мечитинин кызматкерлери катышты. 

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадисинде, «Ким орозо туткан адамдын оозун ачырса, ага орозо туткан кишинин сообундай сыйлык берилет», «…Бир ууртам суу же жарты курма менен болсо да ооз ачырган адамга орозо кармаган кишиге берилген сооп берилет» деп айткан. Биз да берекенин айында ушул хадистерге амал кылып, бир ууртам суу менен болсо да ооз ачырып, улуу соопторду табалы деп максат кылдык. Карап көрсөк сапарга чыгып жаткан жарандарыбыз ооздорун жолдо ачышат экен, андыктан бул ишти сапарга аттанган жарандарыбыздан баштасак деп чечтик. Буюрса мындан ары да ушул сыяктуу иштерди улантабыз», – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

Белгилей кетсек, Муфтият тарабынан демилгеленген «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы буга чейин баш калаа жана аймактарда жогору деңгээлде өтүп, эл батасына арзыган.