«Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду дин кызматкерлерине 100 даана ооз ачар баштыгын белек кылды

Бүгүн, 1-апрель күнү борбор калаада «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду 100 даана ифтар баштыгын дин кызматкерлерине тапшырды. Иш-чарага катышкан Азирети Муфтий Замир кары Ракиев аталган фондго ыраазычылык билдирип, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалады.

Ал эми КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратовдун айтымында, фонд жетекчилиги кафе-ресторанга ооз ачар дасторконун уюштуруунун ордуна азык-түлүк түрүндө баштык берүүнү туура тапкан. Алар расмий дин кызматкерлерине рамазандык белек даярдашкан.

«Азирети Муфтийибиз ифтар уюштуруунун ордуна азык-түлүк түрүндө ифтар баштыкчаларын уюштуруу зарылдыгын, баштыкча түрүндө ихсан кылуу алда канча сарамжалдуу болорун айтып, башкаларды ушул демилгеге багыттап келет. Ырасында эле айрым ифтарларда тамак-аш толук желбей, төгүлүп-чачылып калат эмеспи. «Ас-Сафа» фонду бу саам азык-түлүк түрүндө ифтарлык баштыктарын икрам кылды. Рамазан баштыктары расмий дин кызматкерлерине, ошондой эле аз камсыз болгон жарандарга ихсан кылынды», – деп билдирди Равшан ажы Эратов.