Манас районунда 130 үй-бүлөгө Рамазан баштыгы таратылды

Манас райондук хатибиятынын демилгеси, Smart Generation (Смарт Дженерейшн) коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен Манас районунун Жийде жана Кеңеш айылдарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Рамазан баштыгы таратылды. Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаевдин айтымында, Smart Generation (Смарт Дженерейшн) коомдук фонду 80 баштыкчага сүрөөнчүлүк кылса, калган 50 баштыкча жергиликтүү кайрымдуу инсандар тарабынан даярдалып, аталган айылдардагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жалпысынан 130 даана Рамазан баштыгы тапшырылды.

 «Рамазан айында адамдар жакшы сооптуу иштерди аткарганга ар дайым аракет кылышат. Анткени бул айда аткарылган ар бир жакшы иш үчүн чексиз жакшылык-сооптор жазылат эмеспи. Андыктан Жараткандан улуу сооп үмүт кылып кайрымдуулук иштерин жасап жаткан араб туугандарга жана жоомарт жердештерибизге терең ыраазычылыгык билдиребиз», – деп билдирди баш имам-хатиб өз сөзүндө.