Өзгөндө аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчасы таратылды

Ош облусунун Өзгөн районунда райондук хатибияттын демилгеси менен кайрымдуулук багытында 60 баштыкча даярдалып, муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Иш-чарага райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров катышып, кайрымдуулукка кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирди.

«Бул иш-чара Азирети Муфтийдин буйругун ишке ашыруу максатында уюштурулду. Биз Рамазан айында кайрымдуулук кылууну каалаган жарандар менен биргеликте «Рамазанда кайрымдуу бол» аттуу акция уюштуруп, анын алкагында районубуздагы муктаж үй-бүлөлөргө жардамдарды таратуудабыз. Буйруса, аталган акциябыз Рамазан айынын акырына чейин уланат», – деп билдирди райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.