Кара-Сууда 250 муктаж үй-бүлөгө 560 000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жооптуу имам-хатибдер жана мечиттер жамааты Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №80 буйругун аткаруу алкагында район аймагындагы жалпы мечиттерде масштабдуу кайрымдуулук иш-чараларын уюштурууда. Бүгүнкү күнгө карата Кара-Суу району боюнча 249 аз камсыз болгон, оорулуу жана жалгыз бой энелерге ун, өсүмдүк майы сыяктуу зрыл азык-түлүктөрдөн турган жардамдар таратылды.

Мечиттерде көрсөтүлгөн жардамдар төмөнкүчө:

«Жийделик» мечитинен 35 үй-бүлөгө 145 000 сомдук;

«Нур-Ислам» мечитинен 55 үй-бүлөгө 110 000 сомдук;

«Алим тепе» мечитинен 32 үй-бүлөгө 91 200 сомдук;

«Сармазар» мечитинен 50 үй-бүлөгө 62 500 сомдук;

«Бешкапа» мечитинен 32 үй-бүлөгө 96 000 сомдук;

«Умар» мечитинен 30 үй-бүлөгө 30 000 сомдук;

«Бирдик» мечити 8 үй-бүлөгө 8 000 сомдук;

Ал эми «Зубайр ибн Аввам» мечити 7 үй-бүлөгө 20 600 сомдук жардам көрсөтүлдү. Аталган жардамдардын жалпы суммасы 563 300 сомду түзөт.

Азирети Муфтийдин буйругунун негизинде жогоркудай кайрымдуулук иш-чараларын Рамазан ичи өткөрүү көздөлүп жатканын айткан райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров буларга токтолду:

«Ким Рамазан айында кайрымдуулук кылса, Алла Таала ага парз болгон зекетти ада кылгандай сооп берет» деп айтылат хадисте. Анын сыңары, берешен элибизге Азирети Муфтийдин буйругу түрткү болуп, күтүлгөндөн да көп кайрымдуулук кылууга өбөлгө түздү. Негизи эле Кара-Суу районундагы жалпы имамдар КМДБдан, казыяттан жана хатибияттан келген буйруктарды так аткарышат. Кандай гана коомдук иштер болбосун, активдүү иш алып барып келген имамдарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Кудай буйруса, бул башталышы гана, Рамазан айы бүткүчө дагы көптөгөн кайрымдуулуктарды жасайбыз деп турабыз».

Эскерте кетсек, өткөн айда Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиевдин демилгеси менен көчөт олтургузуу акциясы болуп, анда Кара-Суу району эң көп көчөт тиккен.