Исламда олуялык жана керемет

Иллюстрациялык сүрөт

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен…

Олуялык (валаят) маанавий-моралдык макам. Арабчасы вали блуп, «дос» деген мааниге келет. Вали сөзүнүн көптүк формасы авлийаа болуп, кыргыз тилине «олуя» болуп кирген. Демек олуя Аллага баш ийүүдө (итаат) жана Аны сүйүүдө (мухаббат) өтө бийик деңгээлге чыккан, ошондой эле Аз. пайгамбардын сүннөтүн бекем жана туура карманган инсан. Олуяларга эч кандай коркуу болбостугу, аларга эки дүйнөдө тең сыйлык-мукафаттар бар экени Ыйык Куранда айтылган:

أَلا إِنَّ أَوْلِيَاء اللّهِ لاَ خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلاَ هُمْ يَحْزَنُونَ

الَّذِينَ آمَنُواْ وَكَانُواْ يَتَّقُونَ

لَهُمُ الْبُشْرَى فِي الْحَياةِ الدُّنْيَا وَفِي الآخِرَةِ لاَ تَبْدِيلَ لِكَلِمَاتِ اللّهِ ذَلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

«Ооба! Албетте Аллага жакын болгондор чоочулашпайт да кайгырышпайт.

Ыймандуулар жана такыба болгондор,

Алар үчүн бул дүйнөдө жана акыретте сүйүнүчтүү кабар бар. Алланын убадалары эч өзгөрүлбөйт. Бул улуу ийгилик»

(Юнус сүрөсү, 62-64).

Олуялык даража-макамга жеткен адам керемет ээси болот. «Улуулук», «жакшылык» жана «кооздук» маанилерин туюндурган керемет – Алланын досторунда көрүлгөн таң калычтуу абалдар дегенди түшүндүрөт.

Олуялар өтө бекем ыйманга жана бийик такыбалыкка ээ болот. Т.а. ыйман жана такыбалык валаяттын сыпаты. Чыныгы олуяны көргөн адам Алланы эстейт. Ошондой эле акырет жадына түшөт. Себеби, алардагы коркуу, ийкемдик (тавазуъ) жана ай шооласындай нур бар. Ай шооласынын булагы Күн болгондой эле, олуялардын нурунун булагы – нубувват. Олуялар пайгамбар сүннөтү менен жашагандыктан, нубувват нуру жаркырап чагылып турат. Ыйык Куранда алардын караңгылыктан жарыкка чыгаруучулар экени белгиленет:

اللّهُ وَلِيُّ الَّذِينَ آمَنُواْ يُخْرِجُهُم مِّنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّوُرِ وَالَّذِينَ كَفَرُواْ أَوْلِيَآؤُهُمُ الطَّاغُوتُ يُخْرِجُونَهُم مِّنَ النُّورِ إِلَى الظُّلُمَاتِ أُوْلَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

«Алла – ыймандуулардын досу. Аларды караңгылыктан жарыкка чыгарат. Каапырлардын досу – аларды жарыктан караңгылыкка алып баруучу таагуттар.[1] Алар – Тозок ээлери. Ал жерде түбөлүккө калышат»

(Бакара сүрөсү, 257).

Алланын достору болгон олуялар Жараткан Аллага ибадат, итаат жагынан жакын болуп саналат. Өзүнө ибадат жана такыбаалык менен жакындаган пенделерине Алла Таала кудирет далилдерин көрсөтөт, малакуут ааламынын пардаларын ачат, акыйкаттарды көрсөтөт. Олуянын бул дүйнөдө бир гана максаты бар, ал – Аллага баш ийүү жана ибадат. Аллага жакындаган пенденин валиси-досу да, коргоочусу да Алла. Мына ушундай кулдары үчүн Алланын сыйы, сыйлыгы, икрам-белеги катары алардын кадыр-барк жана урматын көтөрүү үчүн Алладан керемет берилет.[2]

Ыйык Куранда олуялардын кереметтери боюнча аяттар бар. Мисалы, Аз. Марямга даяр тамактардын ыроолонушу[3], Кахф эрендеринин көп жылдык уйкусу[4], ошондой эле Аз. Сулайман пайгамбар көз ачып-жумгуча ханышанын тагын алып келген «Китеп илимине ээ» инсандын (Асаф) окуясы.[5]

Ал эми хадистерге кылчая турган болсок, үңкүргө камалып калган үч жигиттин дубаларынын берекеси менен кереметтүү кутулушу[6] да ибадат жана такыбалыктын жемиши болуп эсептелет. Мындан сырткары Аз. Умардын Мадинада хутпасында «Эй Сария, тоого чегин!» деп кыйкырганын алыскы Нихавандда согушуп аткан Сариянын угуп, тоо этектеши керемет болуп саналат. Ал эми элибизде олуялардын, эшен-калпалардын ар кандай керемет көрсөткөндүктөрү маалым. Бирок атеисттик доордо эшен-калпалардын эл арасындагы кадыр-баркын кыйратуу үчүн аларды шылдыңдаган, жектеген, алдамчы деп жалаа жапкан кампания катуу жүргөн.

Азыркы учурда да айрым сабатсыз жана акыйдасы күмөндүү топтор чыгып, олуялыкка, кереметтерине, алардын көрүстөнүн зыярат кылууга каршы чыгып, олуяларды себепчи кылууну (тавассул) ширк дешет. Акыйкатта ширк белгилүү. Ширк болбогон аракеттерди деле ширк деп атоо дин бузуудан башка эч нерсе эмес

Ал эми ахли сүннөт акыйдасына ылайык керемет – хак (акыйкат). Аллага жакын болгон заттарга Алла да жакын болот. Алла үчүн бардык нерсе мүмкүн. Алла Тааланы сүйгөн инсанды Алла да жакшы көрөт. Алла вали-досунун көргөн көзү, уккан кулагы, сезген (идрак) жүрөгү болот.[7] Бирок айрым ашкере акылчыл адамдар, кээ бир философтор кереметти четке кагат. Алардын көбү керемет менен музижанын айырмасын билбей, удургуй беришет.

Акыйкатта мужиза менен кереметтин айырмасы чоң. Мужиза пайгамбарларга гана берилип, далил сурагандарды чарасыз калтырган, эч бир жан аткара алгыс кайталангыс окуя болсо, керемет – олуяда таң калычтуу окуянын жүз бериши. Демек, мужиза пайгамбарга, керемет – олуяга берилет. Мужиза көрсөткөн инсандын пайгамбар экени анык болсо, керемет көрсөткөн инсандын вали-олуя экени анык болот.

«Мен олуямын» деп айтып чыгуу маселесине келсек, айрым аалымдар муну жаиз десе, көпчүлүгү жаиз эмес деген. Айрым олуялар өзүнүн олуя экенин билип, кереметин жашырса, кээ бирлери олуя экенин билбей калышы да мүмкүн. Кээ бир тасаввуф аалымдары жана изилдөөчүлөрү олуянын керемет көрсөтүшү олуялыктын шарты эмес дешкен. Алардын пикиринде олуялыктын негизги шарты – ибадат жана такыбалык.

Ошондой эле эч бир олуя пайгамбар даражасына жете албайт, жетиши мүмкүн да эмес. Дээрлик бардык ислам олуялары Азирети Мухаммедди (с.а.в.) идеал тутуп, ал сыяктуу пазилеттүү, көркөм адеп-ахлак ээси жана нубувват нурунун өкүлү (үммөт) болууга аракет кылат. Сахаба жана табииндер доорунан бери карай бүтүндөй олуялар пайгамбардын изи, нубувваттын нуру менен жүрүүгө аракет кылганы маалым. Эгерде нубувват жана рисаалат бар болсо, анда валаят да бар.

Ушул жерге чейин Алланын өзгөчө белегине ээ болгон акыйкат жолдогу вали-олуялар жана алардын сыпаттары жөнүндө сөз болду. Дагы бир жолу баса белгилей кетчү нерсе, валаят-олуялык даражасына жетүү ыйманда, амалда (ибадат), жеке жана коомдук мамилелерде Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) сүннөт-жолун жолдоо менен гана мүмкүн. Бирок Куран жана сүннөттөн алыс абалда жана ислам нуру жетпеген жерлерде олуялыктан, тасаввуфтан сүйлөп, өздөрүн кереметтүү көрсөтүү акыйкат болбой калышы, т.а. өкүмү башкача болуп калышы мүмкүн.

Мужиза жана кереметтен сырткары таң калычтуу абалдар да бар. Алар төмөнкүлөр:

1) ирхас; пайгамбарларга пайгамбарлык берилерге чейин жүз берген таң калычтуу окуялар. М.: Аз. Мухаммедге айрым дарактардын жана таштардын салам бериши, Аз. Ыйсанын ымыркай кезинде сүйлөшү ж.б.

2) маунат: амалдары көркөм, жүрүм-туруму жана адеп-ахлагы кооз момундарда кездешкен таң калычтуу окуялар. М.: көптөгөн кыйынчылыктарды оңой эле жеңип өтүү, материалдык абалы өтө начар мусулмандын кадыресе эле өмүр сүрүшү сыяктуу Алланын жардамдары маунат болуп саналат. Маунат – «жеңилдик», «жардам» дегенди туюнтат.

3) истидраж: каапырлыгы жана күнөөсү ачык болгон адамдарда каалоолоруна ылайык жүз берчү таң калычтуу окуялар. Истидраж – «мөөнөт берүү» деген мааниге келет. Каапырлыкта жана күнөөдө чектен чыккандардын дагы да күнөөгө батышы үчүн кудай тарабынан истидраж берилет. М.: каапырлардын өтө бай жана бактылуу жашашы жана иштеринин ийгиликтүү жана жеңил болушу, шайтандын кыяматка чейин адамдарды азгырышы, Фараон жана Намрут сыяктуу каапырлардын жер жүзүндө каалагандай бузукулук кылышы ж.б. Алла Таала истидраж аркылуу пенделерин сынайт.

4) ихонат:  Истидраждын тескерисинче болуп, каапырдын жана күнөөгө баткан фасыктын каалоолоруна тескери таң калычтуу окуялардын жүз бериши. Мисалы, Мусайлама аттуу жалганчы пайгамбар бир көзү көр болгон баланы айыктыруу үчүн түкүрүгүн сүрткөндө, соо көзү да көр болуп калган. Кудуктун суусун көбөйтүү үчүн кудукка түкүргөндө, ал какшып соолуп калган.[8]

Жыйынтык катары айта турган болсок, таң калычтуу окуялардын бардыгын жаратуучу Алла Таала болуп саналат. Таң калычтуу окуялар кээде момун пендеге сыйлык жана белек (икрам) иретинде берилсе, айрым учурда каапыр жана күнөөкөрлөр себептүү сыноо үчүн жүз берет. Ал эми сыйкыр жана фокустар боюнча айта кетсек, бул нерселер таң калычтуу окуялар түрүнө кирбейт. Фокус жана иллюзиялар искусство түрүнөн болуп, кандайдыр инструменттер, себептер, шаймандар аркылуу жасалат. Бул нерселер негизинен табият мыйзамдарына жана физика закондоруна ылайык жасалгандыктан, себептерин, шарттарын, методдорун жана ыкмаларын билген бардык адам ал нерселерди кыла алат. Анда таң кала турган эч нерсе жок!

Ушул жерден баса белгилеп кетчү нерсе, динибиз сыйкырдын бардык түрүнө тыюу салат жана аны менен алектенүү өтө чоң күнөө. Айталы, жылдыздарга карап кайыптан кабар айтуу (астрология), арбак чакыруу, гипноз кылуу, жиндер менен келишим түзүп, бузукулук кылуу, фокус, иллюзия, ар кандай кошулма, дары-дармек, жыттар менен сыйкыр жасоо, көзү ачыктык, палчылык, бакшылык кылуу ж.б. исламга туура келбейт.

Даярдаган: Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары


[1] Тагуттар – Алладан башка сыйынылган нерселер. М: шайтандар, буддар ж.б.у.с.

[2] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 380

[3] Бакара, 257

[4] Кахф, 9-13.

[5] Намл, 38-40.

[6] Бухари, Сахих, II том.

[7] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 382

[8] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 385