Ажы башчыларга сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 3-апрель күнү Борбордук мечитте сынактан өткөн ажы башчыларга сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.

«Ажылык исламдагы беш парздын бири. Ажылыкка барууга ниеттенген жарандарыбызга татыктуу башчылык кылып, улуу парзга ак дилден кызмат кылып бериңиздер. Чынында ажыбашчылык талаша турган, жулкуна турган кызмат эмес, балким кача турган өтө жоопкерчиликтүү озуйпа. Ар бириңиздер 44 ажынын мазхаб тартибинде ибадат аткарышына катуу көңүл буруңуздар. Өзүңүздөр да жакшы билгендей, Алла үчүн жасалган жакшы амалдар эч качан сыйлыксыз калбайт», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Жыйында ажылык нарктамасынын эң жакынкы аралыкта белгилүү болору, авиакомпания маселесинде оош-кыйыштар болуп жаткандыгы, учурда КМДБ делегациясы САПта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы боюнча айтылып, болочок ажылардын документтерин так бүткөрүү тапшырмасы берилди.