Азирети Муфтий Кочкор районунун тургундары менен жолугушту

Үстүбүздөгү Ыйык Рамазан айында Кочкор районунун Арсы, Ак-Жар, Кум-Дөбө, Шамшы айылдарынынын тургундарына ооз ачарлыктар уюштурулуп, ага Азирети Муфтий Замир кары Ракиев конок лектор катары катышты. 2000 ден ашуун адам катышкан Рамазан иш-чарасында Азирети Муфтий тургундарды Рамазан айы менен куттуктап, ата-энени урматтоо, ысырапкорчулуктун кесепеттери, үй-бүлөлүк баалуулуктар, билим алуунун зарылдыгы боюнча баяндама жасады. Замир кары Ракиев мындай саамалыктар элдин башын бириктирип, ынтымакка өбөлгө түзөрүн белгиледи.