Ошто калк саламаттыгын сактоо маселелери боюнча талкуу өтүп, ага казы орун басары катышты

Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков жана шаардык клиникалардын дарыгерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө азыркы учурда кездешип жаткан кызамык жана кызылча ооруларына байланыштуу эпидемиологиялык абалдар талкууланды. Ошондой эле Ош шаарынын мусулмандарынын казыятына жарандар, алардын катарында «вакцина алганга болбойт» деген тар көз караштагы катмарларга эмдөө алуу коопсуз экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды. Шаар казысынын орун басары калк саламаттыгын бекемдөөгө казыят да жигердүү салым кошууга даяр турганын, бул жаатта ар дайым биргелешип иш алып барууга кызыктар экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, талкууда өз кезегинде көп жарандар COVİD-19 ылаңына каршы эмдөө албагандыгы айтылып, анын кесепеттери эскертилди.