Сулумбек ажы Узеналиев КР ДИМКнын Талас облусу боюнча өкүлү менен жолукту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Талас облусуна жаңы дайындалган өкүлү Темирлан Нурадилов менен жолугушту.

Жолугушууда облус казысы Нурадилов Темирлан мырзаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын жумушу ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү иш экенине токтолуп, ийгилик каалап батасын берди.

Ошондой эле облустагы диний кырдаал талкууланып, эки тараптуу тыгыз кызматташуу макулдашылды